Жаңылыктар
Кадыржан Батыровду ким качырды?
Саясат
Кадыржан Батыровду ким качырды?

Ош окуясына күнөлүү деп шектелип, чет өлкөдө жашырынып жүргөн Кадыржан Батыровдун өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгып кетишин уюштурууга Убактылуу өкмөттүн мурдагы кызмат адамдарынын катыштыгы болушу мүмкүн. Буга байланыштуу башкы прокуратура 14-августта жаңы кылмыш ишин козгоду. 

Башкы прокуратура Ош окуясына күнөлүү деп шектелип качып жүргөн Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине жардамдашкан деген жүйөө менен 14-августта жаңы кылмыш ишин козгоду. Буга Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик комитетине түшкөн жаны маалыматтар себеп болгон. Чекисттердин Башкы прокуратурага берген маалыматына караганда Кадыржан Батыровдун өлкө чегинен тоскоолсуз чыгып кетишин уюштурууга Убактылуу өкмөттүн мурдагы кызмат адамдары дагы катышкан болушу мүмкүн.

Бул документтерге таянган башкы прокурордун маалыматын уккандан кийин Президент Алмазбек Атамбаев бул иш боюнча жакшылап иликтөөнү тапшырды. Коомдук ишмер, мурдагы депутат Жыпар Жекшеевдин пикиринде мындай күмөн ойлор коомчулукта көптөн бери эле айтылып жүргөндүктөн тергөө органдары терен иликтеп, бир чечим чыгарышы керек.