Жаңылыктар
“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту түнкү рейстерди тейлей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту түнкү рейстерди тейлей баштады

“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту ушул күндөрү түнкү рейстерди дагы тейлей баштады. Бул жерге 30-августта Бишкек - Тамчы - Бишкек багыты боюнча учак караңгыда келип конуп, тушоосу кесилген. Түнкү каттамды аткаруу, жаңыдан коюлган жарык жана үн берүүчү жабдуулар аркылуу ишке ашып отурат. 

Мындай заманбап жабдуулар орус-кыргыз фондунан бөлүнгөн насыянын эсебинен жасалды. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда аба майдан күнү-түнү иштеп, заманбап жасалган жаңы шарт менен меймандарды тейлеп жатты. 

Кыргыз-орус фондунан бөлүнгөн каражаттын эсебинен аэропортто 4 долбоор ишке ашкан. Бөлүнгөн насыя түнкүсүн жарык берүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга жумшалган.