КТРКнын Ой-Ордо программасы Баткен облусунда түз алып көрсөтүлдү.
Анда облуска берилген өзгөчө макамдын алкагында каралган жеңилдиктер жана алардын ишке ашырылуусу боюнча сөз болду. Аны менен катар социалдык маанидеги маселелер да көтөрүлүп, аларды чечүүнүн жолдору каралды.
Программага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, район акимдери, билим берүү, социалдык кызмат, салык жана саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү катышты. Алар жергиликтүү элден түз келген суроолорго жеринде жооп беришти.
Кайрылуулар негизинен артыкчылыктуу тизмеге кирбей калган айылдардын абалы, дубанга бөлүнүп жаткан каражаттардын максаттуу колдонулушу жана кадр маселелери боюнча болду.