КТРКда Нооруз майрамы белгиленди. Улуттук тамак-аштар дасторконго жайылып, спорттук мелдештер өткөрүлдү. Корпорация Ноорузга кызуу даярдык көрүп, улуттук баалуулуктарды даңазалоону салтка айландырган.
КТРКнын ар бир редакциясы Ноорузга кызуу даярдык көргөн. Майрам алдын ала белгиленди. Шаңдуу салтанат бардык эмгек жамаатты бириктирди. Дасторкондон улуттук тамак-аштын бардык түрлөрүн көрүүгө болот. Мейман күтүүдөгү өзгөчө жөрөлгөлөр жасалып, каада-салт көрсөтүлдү. Редакциялардын даярдыгына корпорациянын жетекчилигинен турган комиссия күбө болду.