Жаңылыктар
"Атанын керээзи" тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлөт
Маданият
"Атанын керээзи" тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлөт

Кыргыз кино ишмерлеринин "Атанын керээзи"  тасмасы  дүйнөлүк абройлуу "Оскар"  сыйлыгына көрсөтүлөт, андан сырткары Лос- Анжелестеги азиялык кинофестивалда  көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.

Бул тууралуу киноматография департаментинин директору Муктаалы Бектеналиев  билдирди.  Анын айтымында  тасманын авторлору да  мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлөт.

Эске салсак  Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу режиссерлук кылган  «Атанын керээзи» көркөм фильми  Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивальда "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алган.

Сайра Батыркулова