Жаңылыктар
Бишкек мэриясы 25 жер тилкени муниципалдык менчикке кайтарып берди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэриясы 25 жер тилкени муниципалдык менчикке кайтарып берди

Бишкек мэриясы Түштүк магистралдын боюндагы Масалиев көчөсүнөн Бакаевге чейинки 25 жер тилкени муниципалдык менчикке кайтарып берди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Буга чейин Ленин райондук прокуратурасы 25 тилкеге берилген документти жараксыз деп табуу боюнча сотко доо арыз жазган. 

Райондук сот арызды канааттандырып, жерди мамлекетке өткөрүү чечимин кабыл алган. Бирок шаардык сот алардын айрымдарын жокко чыгарган. Андан соң иш Жогорку Сотко өтүп, алар райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми калган 15 жер тилкеси соттордун кароосунда.