Бишкектеги карылар үйүндө майрамдык иш-чара өтүп, сынактар уюштурулду. Анын шарты боюнча ар улуттун өкүлдөрүнүн таланттары көрсөтүлдү. Сүмөлөк таратылып, улуттук тамак-аштар коюлду. Мында 200дөй улгайган адам жашаса, арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендери да бар. Андыктан майрамда жыл сайын социалдык колдоо көрсөтүлөт.