Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Камбар-Ата ГЭС каскадына барды
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Камбар-Ата ГЭС каскадына барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2 каскадына барды.

Министрлер Кабинетинин башчысы станциялардагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн Акылбек Жапаров жер үстүндөгү агып өтүүчү жайдын курулушун баштоону тапшырды.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин башчысы Камбар-Ата-1 ГЭСинде даярдык иштерин баштоону тапшырды. Тактап айтканда, электр станциясына баруучу жолду жана Нарын дарыясына көпүрө куруу тапшырылды.

Акылбек Жапаров Камбар-Ата-2 ГЭС аймагындагы №2 транспорттук тоннелдин курулушун аяктоо, электр линияларын тартуу жана куруучулар үчүн турак жай шаарчасын куруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.