Жаңылыктар
Быйылкы окуу жылы кеч башталышы мүмкүн
Билим
Быйылкы окуу жылы кеч башталышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков мектептерде жана жогорку окуу жайлардын окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 20-сентябрга жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат. 

Анын айтымында сентябрдын башында окуучулар ата-энесине жардам кылып, айыл-чарба жумуш менен алек болору айтпаса да маалым дейт эл өкүлү.

Андыктан бул нерсеге реалдуу карап мыйзамдуу түрдө окуу жылынын башталышын 20-сентябрга которуу керек. 

Ал эми билим берүү жана илим министрлигинин адистери мындай мыйзам долбооруна каршы экенин айтышат. 

Эгерде бул долбоор ишке ашса балдардын билим сапаты начарлайт жана  алардын эмгегин пайдаланууну мыйзамдаштырган  болобуз дешет. 

Бегайым Абдыкадырова