Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында Нооруз майрамы белгиленди
Аймак
Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында Нооруз майрамы белгиленди

Борбордук аянтка боз үй-тигилип, улуттук кийим жана тамак-аш жарманкеси уюштурулду. Саамалыкка шаар тургундары жана коноктор катышты. Мында келгендер атайын уюштулган ыр, бийге күбө болуп, сүмөлөктөн даам сызды. 

Аксакалдар менен ак элечек кийген энелер эл ичинде тынтчык, токчулук болсун деген тилектерди айтышты. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев катышып, Нооруз майрамы менен куттуктады. Ал Нооруз ЮНЕСКОнун тизмесине кирген эл аралык майрам экенин белгиледи.