Жаңылыктар
Түркмөнстандын өкмөтү отставкага кетти
Дүйнө
Түркмөнстандын өкмөтү отставкага кетти

Түркмөнстандын жаңы шайланган президенти Сердар Бердымухамедов өкмөттү отставкага кетирүү жарлыгына кол койду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда. 

Маалыматта айтылгандай, өкмөттүн отставкасы өлкөнүн Конституциясына ылайык келет. Министрлер жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин кызматын уланта беришет. 19-мартта Түркмөнстанда Рухыет сарайында Сердар Бердымухамедов ант берип, президенттик кызматка киришкен.