Жаңылыктар
Германиядагы мекендештер спорттук мелдеш өткөрдү
Дүйнө
Германиядагы мекендештер спорттук мелдеш өткөрдү

Германиянын Гессен Федералдык аймагындагы Франкфурт на Майне шаарында Европадагы кыргызстандыктардын арасындагы Көчмө кубок үчүн футболдук турнир өттү. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, анда Германиянын ар кайсы шаарларынан жана Литва, Дания, Чехия, Польшадан келген кыргызстандыктардын 20 командасы катышты.

Турнир Германиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин жана Гессен федералдык жериндеги кыргызстандыктар “B.I.Z” (“Билим, демилге, кызматташтык”) коомунун демилгеси менен уюштурулду. Футбол боюнча мелдеш кыргызстандыктар жыл сайын герман жеринде белгиленүүчү Нооруз майрамын утурлай, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышты. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө элчи турнирдин бардык катышуучуларын жана иш-чаранын конокторун Нооруз майрамы менен куттуктап, бардыгына мындан аркы ынтымак жана биримдикти каалады.