Жаңылыктар
Президент Алмазбек Атамбаев 60 жашка чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Алмазбек Атамбаев 60 жашка чыкты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 60 жашка чыкты. Буга байланыштуу өлкө башчыны алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн мамлекет башчылары куттуктоодо. Орусиянын президенти Владимир Путиндин куттуктоосунда мындай деп айтылат.

“Сиздин маараке байланыштуу чын дилимден куттуктоону кабыл алыңыз. Сиздин жетекчилик астында Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, аймактык жана эл аралык иштерде конструктивдүү роль ойноп жатат. Сиз өз мекениңизде да, чет жакта да жогорку кадыр-баркка ээсиз. Биздин өлкөлөр ортосундагы шериктештик алаканын бекемделишине жана Евразия мейкиндигиндеги эки тарапка пайдалуу интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө Сиздин жеке салымыңызга баа жетпейт. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге чың ден соолук, бакты-таалай, бакубатчылык, түгөнгүс күч-кубат жана сиздин мамлекеттик ишмердигиңизде жаңы ийгиликтерди каалайм.”