Жаңылыктар
Нарын шаарына мамлекеттик резервдер фондунан бөлүнгөн азык-түлүктөр жеткирилди
Аймак
Нарын шаарына мамлекеттик резервдер фондунан бөлүнгөн азык-түлүктөр жеткирилди

Мамлекеттик резервдер фондунан бөлүнгөн азык-түлүктөр Нарын шаарына да жеткирилди. Биринчи керектөөдөгү азыктар атайын уюштурулган жарманкеде арзан баада сатылууда.

Кум шекер менен өсүмдүк майы түш оой дээрлик жарымынан көбү сатылды. Кардарлардын көбү алыскы айылдардан келгендер.

Арзан азык-түлүктөр жарманкесин уюштуруу калаадагы дүң соода кылган жеке ишкерге милдеттендирилген. Жергиликтүү бийлик көзөмөл кылууда. Бир адамга 25 килограммдан ашык кум шекер сатылган жок. 

Азык-түлүктөр Мамлекеттик резервдер фондунан бөлүнгөн. Нарын шаарына 40 тонна кум шекер, 5 тонна май жеткирилген. 

Мындай жарманке дубандын башка аймактарында да уюштурулуп, элге текши жеткидей аракеттер көрүлүүдө.