Жаңылыктар
Аксынын 38 субъектисинде кассалык-көзөмөл машина иштеп жатат
Аймак
Аксынын 38 субъектисинде кассалык-көзөмөл машина иштеп жатат

Кассалык-көзөмөл машинасы салык кызматынын ишин оптималдаштырып, көмүскө экономиканы ачыктайт. Жалал-Абад аймагында, салык кызматы ишкерлерге ККМди орнотуу, колдонуу тартибин түшүндүрүп жатат . Аксы райондук салык кызматы жыл башынан тарта 38 субъектиде кассалык-көзөмөл машинасын ишке киргизди.

Кассалык-көзөмөл машинасын соода түйүндөрү, коомдук тамактануучу жайлар, дарыканалар, авиакассалар, май куюучу станциялар, интернет-дүкөндөрү, ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүчү жана эл менен накталай же накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруучу субъектилер колдонушу керек. Аксы району боюнча 137 субъектиде онлайн ККМ иштеп жатса, анын 38си жаңы жылдан тарта туташтырылган.

Мекменин маалыматына ылайык, жыл башынан бери түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен 245 ишкерге кагаз түрүндө билдирүү берилген. Кербен шаарындагы бул тамактануучу жайдын мындай аппаратты иштетип баштаганына үч айдын жүзү болду. Аны 15 миң сомго сатып алган.