Жаңылыктар
Путин ДКОго жогорку баасын берди
Маданият
Путин ДКОго жогорку баасын берди

КМШ мамлекеттеринин башчыларынын Бишкектеги саммитинде сөз сүйлөгөн Россиянын президенти Владимир Путин, Көчмөндөр оюндарындагы , иш-чара абдан кызыктуу болгонун белгилеп, өзүнүн жогору баасын берди.

«Кыргызстандын президентин ушундай абдан кызыктуу таймаштарды өткөргөндүгү үчүн куттуктайм. Биздин ЖМКда булардын баары активдүү чагылдырылды. Чынын айтсам, Көчмөндөр оюндары мынчалык кызыктуу болот деп күткөн эмесмин. Кыргызстандын президенти Көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу таймаш өткөрдү. Бул эң сонун. Мен Сизди куттуктайм».