Жаңылыктар
Түркияда турак жайдын ижара акысы өстү
Дүйнө
Түркияда турак жайдын ижара акысы өстү
Түркияда ижарага берилүүчү турак жай орусиялыктардын агымынан улам февралдын аягынан бери үч эсе кымбаттады, деп билдирет РИА Новости агенттиги риэлторлордун маалыматына таянып. 
Маалыматта Түркиянын курорттук аймактары салттуу түрдө орусиялыктар арасында популярдуу жана февраль айынын аягынан тарта Украинадагы окуялар башталгандан кийин аларда россиялык жарандар тарабынан узак мөөнөткө ижарага берилүүчү турак жайга суроо-талап бир кыйла өскөн.
Ошондой эле риэлторлор россиялыктар арасында Анталия жана Аланияда ижарага турак жай сурагандардын саны акыркы убакта дээрлик төрт эсеге, ал эми Стамбул, Измир, Бодрум жана Фетхие шаарларында батирлерди ижарага алуу баасы эки-үч эсе өскөнүн белгилешет. Мындан сырткары Россия жарандарынын агымы Армения менен Грузияга да күчөп жаткандыктан бул өлкөлөрдө ижарага берилүүчү турак жайга суроо-талап бир жарым эсеге өсүп, ижара акысын көтөрүп жиберди.