24-мартта Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жерлерди суу каптап, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүү коркунучу жогору болот.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 24-28-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Чапчыма, Талдык, Долон ашууларында, Чычкан капчыгайында жана башка аймактарда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.