Жаңылыктар
Наристени бала бакчага жайгаштыруу маселеси каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Наристени бала бакчага жайгаштыруу маселеси каралууда

Базарда картон кагазда уктап жаткан балынын тек жайы аныкталды. Наристе апасы жана бир тууганы менен Ошто жашайт. Жашы үчтө. Бул үй-бүлө Кара-Суу райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турат. Үй-жайы жок. 

Бул үй-бүлөгө кийим жана тамак-аш берилди. Эми наристени бала бакчага жайгаштыруу жана апасына туруктуу иш таап берүү маселеси каралууда. 

Эскерте кетсек, Президент Алмазбек Атамбаев базарда картон кагаздын үстүндө уктап жаткан жеринен интернетке чыгып кеткен баланы таап, ага жардам берүү тапшырмасын берген.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118