Жаңылыктар
Бүгүн - кургак учукка каршы күрөш күнү
Ден соолук
Бүгүн - кургак учукка каршы күрөш күнү

24-март - кургак учук дартына каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. Жугуштуу илдет эң коркунучтуу инфекциялардын бири бойдон калууда. 

Күн сайын кургак учуктан 4 миңден ашык адам каза болот, 28 миңге жакын бейтап бул алдын алууга жана дарылоого боло турган илдет менен ооруйт. 2000-жылдан бери кургак учук менен күрөшүү боюнча глобалдык аракеттер 66 миллиондой адамдын өмүрүн сактап калды. Бирок, COVID-19 бул ооруга каршы күрөштө жетишкен ийгиликтерди жокко чыгарды. 2020-жылы он жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу кургак учуктан каза болгондордун саны өстү. Кыргызстанда өткөн жылдын жыйынтыгы менен 3877 учур катталып, 2020-жылга салыштырмалуу ооругандардын саны 200дөн ашкан. Ал эми 2021-жылдын 12 айында өлүмдүн көрсөткүчү төмөндөгөн. 

Мурдагыдай эле оорунун эң жогорку деңгээли Чүй облусунда сакталууда. Жыл сайын 24-мартта калктын кургак учук тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу максатында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүн белгиленет. Иш-чарага эксперттер, анын ичинде Саламаттык сактоо министрлигинин, Улуттук кургак учукка каршы программанын, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин, Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун өкүлдөрү, кургак учук менен ооруган бейтаптар жана аларга колдоо көрсөткөндөр менен "Кургак учукту айыктыруу" долбоорунун өнөктөштөрү катышты.