Жаңылыктар
Чүй облусунун тургуну 1 тоннадан ашык баңги зат менен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунун тургуну 1 тоннадан ашык баңги зат менен кармалды

Чүй облусундагы Сокулук районунун 48 жаштагы жашоочусу 1 тоннадан ашуун баңги заты менен кармалды. ИИМдин Мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Комсомол айылында ыкчам иликтөө иштерин жүргүзгөн. Тинтүү учурунда үйдүн короосунан 31 пластик каптан баңгизатын тапкан. 

Анын жалпы салмагы 1 тонна 170 килограмм 776 грамм. Колго түшкөн адам буга чейин тентектик, уурулук, мыйзамсыз баңгизат сактоо жана колдонуу боюнча 3 ирет соттолгон. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты боюнча учурда кылмыш иши козголду. Анын негизинде кылмышка шектүү 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118