Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын эл аралык байланышын кеңейтүү жана контент алмашуу тажрыйбасын өркүндөтүү максатын көздөгөн Лондон шаарындагы Би-Би-Си дүйнөлүк кызматына болгон иш сапарыбыз ийгиликтүү жыйынтыкталып жатат. Иш сапар алкагында Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын жетекчилиги жана тиешелүү түзүмдөрү менен жолугушуулар өтүп жатат.
Сүйлөшүүнүн натыйжасында Улуу Британиянын Би-Би-Си корпорациясы тарабынан тартылган көп сериялуу даректүү тасмаларды КТРКдан көрсөтүү үчүн укуктук лицензиялар алынды. КТРК менен Би-Би-Синин кызматташуусун жаңы өңүттө бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана кыргыз коомчулугун дүйнөлүк жаңылыктар менен камсыздоо максатында келишимге кол коюлду.
Би-Би-Си корпорациясынын Укуктук жана коммерциялык иштер боюнча департаментинин директору Крис Лоуэт, Бизнес департаментинин директору Фред Дурман, Азия өлкөлөрү боюнча жетектөөчү директору Салеем Патка, Кыргыз кызматынын башкы продюсери Гүлнара Касмамбетова менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр уюштурулду.
Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында дүйнөлүк медианын жаңы ыкмалары, санариптик медианын өнүгүү шартындагы жаңы стратегиялык багыттары талкууланды.
КТРКнын кызматкерлери Би-Би-Сиден тажрыйба алмашуудан өтүп турат. Бул жолу КТРКнын белгилүү алып баруучу- журналисттери Алмаз Касымалиев менен Мирхамид Токтогул уулу тажрыйбасын өркүндөтүү окууларына катышууда.
100 жылдык тарыхы бар Би-Би-Си корпорациясы менен 90 жылдык тарыхы бар КТРКнын кызматташуусу жаңы бийиктикте улана берсин.
Кайрат Иманалиев КТРКнын генералдык директору