Жаңылыктар
Эл каттоо өнөктүгү Бишкектеги Манас аба майданында башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Эл каттоо өнөктүгү Бишкектеги Манас аба майданында башталды

Эл каттоодон биринчилерден болуп чет мамлекеттерге кетип жаткан кыргызстандыктар өттү. Улуттук статистика комитети даярдаган атайын адистер аба майданда алар менен сүйлөшүп, маалыматтарын базага киргизишти.

Кыргызстанда эл каттоо өнөктүгү 24-марттан 25 ине караган түнү саат 12 де Бишкектеги Манас аба майданында башталды. Өзүңүздөр көрүп тургандай алгачкылардан болуп чет мамлекеттерге кетип жаткан кыргыз жарандары каттоого алынууда. Белгилей кетсек өнөктүктү ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн өлкөдө 28 миңден ашык каттоочулар, инструкторлор жана координаторлор даярдалган.