Жаңылыктар
Эл каттоо - 2022 өнөктүгүнө Нарын облусу боюнча 1 миң 232 каттоочу тартылды
Аймак
Эл каттоо - 2022 өнөктүгүнө Нарын облусу боюнча 1 миң 232 каттоочу тартылды

Айгүл Батоева эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгүнө өз ыктыяры менен кошулуп, ишин таң эрте баштады. Ал үчүн ага болгону колундагы телефону жетиштүү. Анткени анда атайын жүктөлгөн мобилдик тиркеме бар. 

Ал аркылуу ар бир жарандан 40тан ашык суроого жооп топтойт. Айгүл жалпы 109 кожолукту кыдырып, маалымат чогултушу керек. Анын жол-жобосун алдын ала 3 күн атайын окуудан үйрөнгөн.