Жаңылыктар
Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард 762 миллион долларды түзөт
Экономика
Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард 762 миллион долларды түзөт

Кыргызстандын тышкы карызы  ИДП 54 пайызын түзүп калды. Адистер аны төлөөнун басымдуу бөлүгү алдыдагы 3 жылга туура келээрин айтышууда.  

Бирок тийиштүү тармактын адистери  өлкө тышкы карыздарын жана эл аралык уюумдарга болгон милдеттенмелерди кечиктирбей төлөп келе жатканын белгилеп, ашыкча тынчсызданууга негиз жок экенин билдиришүүдө. 

Тышкы карыздын өсүшүнө таасир эткен биринчи фактор доллардын өсүшү болгон.

 2016- жылдын июль айынын отуз бирине карата маалымат боюнча Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард 762 миллион долларды түзөт. Адистер мындай учурда макро-экономикалык саясатты өндүрүштү колдоого  буруу керектигин белгилешүүдө. 

Назира Молдокулова