Жаңылыктар
Нарында түшүм былтыркыга салыштырмалуу арбын жыйналды
Айыл чарба
Нарында түшүм былтыркыга салыштырмалуу арбын жыйналды

Нарын облусунда дан бастыруу өнөктүгү башталды. Учурда 26 миң 266 гектар аянттын 15 миң 230унда тиешелүү жумуштар бүткөрүлдү. Азырынча ар гектарына 22,8 центнерден кызыл сузулууда. 

Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу жогорку көрсөткүч. Айыл чарба адистеринин пикирлеринде, түшүмдүн минтип арбын жыйналышы быйылкы аба ырайынын жаанчылдыгы түрткү болгон. «Жумгал» айыл аймагындагылар суу баспаган аянттардын ар гектарынан 30-32 центнерге чейин арпа алышууда.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118