Жаңылыктар
Туура эмес дары сайылган эненин абалы
Кыргызстан жаңылыктары
Туура эмес дары сайылган эненин абалы

Нарындагы төрөт үйүндө медайымдын катачылыгынан улам туура эмес дары сайылып, оор абалда жаткан 30 жаштагы эненин окуясын жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алды. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады. Билдирмеге ылайык, үч күн мурда Нарын облустук бириктирилген ооруканасына келген кош бойлуу келинге медайымдын катачылыгынан улам туура эмес дары сайылган. Ал абалы оорлошкондо жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. "Ай-күнүнө жеткендиктен, операция жолу менен көз жарган. Дарыгерлер баланы аман алып калышты. Ал эми эненин абалы оор бойдон калууда, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Медиктердин айтымында, бейтаптын өпкөсүндө шишик бар, башка органдары кадимкидей иштеп жатат. Кандын кычкылтек менен каныгышы нормада, реанимация чаралары көрүлүүдө", — деп жазылган маалыматта. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Элмира Садыкова ооруканага барып, бейтаптын абалын көргөн. Ал дарыгерлерге жаш эненин өмүрүн сактап калууга болгон күчтү жумшоону өтүнгөн. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбековго катачылыкка жол берген кызматкерлерине чара көрүп, төрөт бөлүмүн иретке келтирүү тапшырмасы берилди.Окуя боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүп жатат.