Жаңылыктар
Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек - Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, ушу тапта жолдогу кар тазаланып, кум төгүлүүдө. Буга чейин Өтмөк ашуусунда да жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө чек коюлган.Синоптиктер Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирип, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда.