Жаңылыктар
Бишкекте республикалык комуз фестивалы өттү
Маданият
Бишкекте республикалык комуз фестивалы өттү

Бишкек шаарындагы Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакта республикалык комуз фестивалы өттү. Фестивалдын максаты - кыргыз элинин улуттук аспабы болгон комузга жалпы элдин, өзгөчө жаштардын кызыгуусун арттыруу болду. 

Иш-чаранын алкагында комуз менен ырдаган ырчы, мыкты күүчүлөр жана аспап жасаган усталар арасында сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөр маданият министрлигинин атайын грамоталары жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Фестивалга комузда кол ойноткон 15 жаштан 25 жашка чейинки улан кыздар катышты.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118