Жаңылыктар
“Асман алдында” тасмасы чет элдик кинофестивалдарда көрсөтүлөт
Маданият
“Асман алдында” тасмасы чет элдик кинофестивалдарда көрсөтүлөт

Кыргыз режиссерлорунун “Асман алдында” тасмасы Кытай жана Италияда өтө турган кинофестивалдын программасына кирди. Бул тууралуу, кинематография департаменти кабарлады. Улуу Жибек жолу өлкөлөрүнүн Эл Аралык кинофестивалы 19-сентябрдан 23-сентябрга чейин Фуджо шаарында өтөт. 

Ошондой эле тасма Италиянын Рим шаарында 17-сентябрдан 2-октябрга чейин өтө турган, эл аралык Азиаттар кино фестивалында да көрсөтүлөт. Дальмира Тилепбергенованын бул тасмасы Кыргызфильм студиясында 2015-жылы тартылган. Тасманын дүйнөлүк премьерасы Монреальдагы фестивалда өткөн.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118