Бир жыл мурда аталган көмөк чордондордун курулуш-монтаждоо иштери бүткөрүлүп, 1 жылдык кепилдиги менен пайдаланууга берилген.
Долбоордун негизинде курулган обьектилер нормада иштеп жатат.
Ал арада бардык көмөк чордондордогу кышка даярдыктарды жеринде текшерүү үчүн бүгүндөн тарта атайын комиссия жер-жерлерди кыдырып текшерүүлөрдү жүргүзө баштады.
Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат кызматкери Элзада Саргашкаева кабарчыбыздын берген суроолоруна жооп берди.
Гүлбүбү Усенова