Жаңылыктар
Түндүк Ирландияда мазут кымбаттады
Дүйнө
Түндүк Ирландияда мазут кымбаттады

Түндүк Ирландияда Украина жанжалы башталгандан бери мазут, газ жана электр энергиясына болгон баалар өсүп, Европа боюнча рекорд койду. Түндүк Ирландияда акыркы айда жылытууга колдонулуучу мазут 35 пайызга кымбаттады. Бийликтегилер отун энергиясына болгон баага козомол жургузбогону Белфасттын тургундарынын кыжырын келтируудо.

Буга байланыштуу эл аймактык бийликтерге гана кайрылбастан, Лондондо өкмөткө да талаптарды коюуда. Түндүк Ирландияда мунай, газ жана электр энергиясы менен уйлорду жылытуунун баасы Европа Биримдигине кирген олколорго караганда кымбат. 

Бирок адистер жайында керектөө кыскарганы менен бийлик келерки кышка чейин баа маселесин чечпесе карапайым калктын капчыгына катуу сокку болоорун эскертишет.