Жаңылыктар
Япония: өртөчүрүүнүн жаңы ыкмасы
Дүйнө
Япония: өртөчүрүүнүн жаңы ыкмасы

Жыл сайын токой өрттөрү үйлөргө олутту зыян алып келип, ээн талааларды кыйратууда. Ал эми аба ырайы күндөн-күнгө ысып, кургакчыл болуп жатканына байланыштуу, жакынкы келечекте алардын саны дагы көп болушу мүмкүн дешет адистер.

Жапониянын Китакюсю шаарынын аймагында өткөн жылы 10 токой өртү катталган. Аларды өчүрүү үчүн өрткө каршы атайын көбүк колдонулган. Бул каражат 1995-жылы Кобедеги катуу жер титирөөдөн кийин курулуш өрттөрү менен күрөшүү үчүн иштелип чыккан.

Шаардагы университет жана самын чыгаруучу ишкана менен биргеликте өрт өчүрүүчүлөр көбүктүн өрткө каршы касиетин жакшыртышкан. Ал эми көбүк органикалык самынды сууда эритүү аркылуу алынат. Бул аралашмада коркунучтуу химиялык заттар жок, ал топуракка сиңип, чирип жок болуп кетет.

Жаңы аралашманын ийгиликтүү сыноосунун жыйынтыгы менен бул каражатты токой өрттөрүн өчүрүү үчүн да колдонсо болот деген ойго алып келген. Изилдөөнүн жыйынтыгында самын аралашмасы синтетикалык аралашмага караганда дээрлик 266 эсе натыйжалуу экенин көрсөткөн.

Жапониядан келген атайын самындын көбүктөрү Индонезиянын Борнео аралында дайым өрт чыккан жерде колдонулууда. Учурда Индонезиялык окумуштуулар көбүк аралашманы сынап жатат. Күйүп жаткан чымдуу чөп зыяндуу газдарды бөлүп чыгарып, көпкө чейин өчпөй тутанып тура берерин белгилешет. Жапон самынынын аралашмасы топуракты сиңирип, жер астындагы отту токтото алат.

Эми аралашманы иштеп чыгуучулар аны Таиланддын Чианг-Май шаарына жакын жерде сынап көрүүнү мерчемдеп жатышат. Адистер бул аралашманы кеңири колдонуу менен көмүр кычкыл газынын чыгышын азайтууга жардам берет деп үмүт кылышууда.