Жаңылыктар
Иззат Артыковго эки бөлмөлүү батирдин сертификаты тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Иззат Артыковго эки бөлмөлүү батирдин сертификаты тапшырылды

Оор атлетчи Иззат Артыковго "Аю" компаниясы тарабынан элиталык үйдөн эки бөлмөлүү батирдин сертификаты тапшырылды. “Аю Холдинг” компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун айтымында, батир Көк-Жар жаңы конушунда "Аю курулуш" компаниясы тарабынан салынып жаткан тогуз кабаттуу "Сары Челек" комплексинен берилди. 

Мындан башка эми Иззат Артыков 4 жыл бою мамлекет тарабынан убада кылынган 45 миң сом өлчөмүндөгү стипендияны да алып турат. 


“Иззат Артыков Рио-де-Жанейродо өткөн олимпиада оюндарында, коло медалды багындырган кыргызстандык жалгыз спортчу болду. Бирок, тилекке каршы кийинчерээк допинг колдонгон деген жүйө менен медалдан ажырады. Ага карабай Иззат Артыков өз өлкөсү үчүн чемпион бойдон кала берет”-

деп белгиледи жаштар, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118