Жаңылыктар
ӨКМ: шашылыш билдирүү
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: шашылыш билдирүү

Учурдагы жылуу жана кургак аба-ырайынан кийин, 27-январдан 30-январга чейин кар жаашы күтүлүүдө. Кыргызгидромет маалымдагандай, Чүй, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарында кар калың жаайт. Нымдуу кар, электр чубалгылары жана бактарга зыян алып келиши ыктымал. 

Ошондой эле аймактарда -12-15 градуска чейин суук болсо, тоолуу райондордо -30 градуска чейин жетет. Мындай аба-ырайы жолдогу абалды кыйындатып, электр энергиясы жана байланыш кызматына таасирин тийгизиши мүмкүн.