Жаңылыктар
КТРКнын Баластан каналы жумасына 3 күн, 1 сааттан түз эфирге чыга баштайт
УТРК жаңылыктары
КТРКнын Баластан каналы жумасына 3 күн, 1 сааттан түз эфирге чыга баштайт

КТРКнын Баластан каналы эми жумасына үч күн кечинде, саат 19:00дө түз эфирге чыгат. “Данегим” деп аталган түз эфирдеги көрсөтүү бөбөктөр жана өспүрүмдөр үчүн түрдүү таанып-билүү багытында рубрикалар менен дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү чыгып турат.

Буга чейин Баластан каналы ар кыл багыттагы көрсөтүүлөрдү алдын-ала тартып, даярдап көрүүчүлөргө сунуштап келсе, эми түз эфирде чыгууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Биринчи эфир эртең 1-апрелде саат 19:00дө түз эфирге чыгат. Узактыгы 1 саат. Эфир учурунда көрүүчүлөргө белектер ойнотулат.

Белгилей кетсек, “Баластан” каналы мектеп жашына чейинки жана мектептин башталгыч ошондой эле ортоңку класстарында окуган балдарга арналган Кыргызстандагы эң алгачкы балдар каналы. Бул канал 2013-жылы 1-октябрда ачылган.