"Кыргыз темир жолу" ишканасы Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Азыркы тапта 500 метри курулуп калган бөлүгү эки этап менен аяктайт. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашып жаткан улуттук программа аткарылса, унаа жол аркылуу өткөн оор жүктөрдүн баары темир жол менен ташылып, транспорттук каттамдарга жеңилдик болот. Курулуштун жүрүшү менен кабарчыбыз жеринен таанышып келди.