Жаңылыктар
УКМК: Ош шаардык милиция кызматкерлери кармалды
Кылмыш
УКМК: Ош шаардык милиция кызматкерлери кармалды

УКМК Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги заттарын жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, же баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында эки милиция кызматкери кармалды. 

Алардын бири 2-апрелге караган түнү, саат 03:15 чамасында 894 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар баңгизатты белгиленген жерге бекитип, таркатып жүргөн жеринен кармалды. Жыйынтыгында, Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңгизат ташыган каналдардын биринин ишине бөгөт коюлду.