Жаңылыктар
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси алмашты
Кыргызстан жаңылыктары
 Кытайдын Кыргызстандагы элчиси алмашты

Мурдагы элчи Ци Даюйдун дипломатиялык миссиясы август айында аяктаган. Жаңы дайындалган элчи Сяо Цинхуа 19-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге ишеним грамоталарын тапшырды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын абалы жана эки тараптуу кызыкчылыкка таандык багыттарды өнүктүрүү тууралуу сүйлөштү. 

Эрлан Абдылдаев жаңы дайындалган элчиге ишине ийгилик каалады. 30-август күнү Кытайдын Бишкектеги элчилигинин имаратында жанкечти өзүн жардырып, үч киши жарадар болгондон кийин Кытайга виза берүү токтогон. Элчилик виза берүүнү 10-октябрдан тарта калыбына келтирүүнү убада кылууда.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118