Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинети менен "Центерра" компаниясынын ортосунда "Кумтөр" ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлганын жарыялады.
Түзүлгөн келишимге ылайык, Министрлер Кабинети "Кумтөр" кенин толук башкаруу жана ээлик кылуу укугуна ээ болду. Президент Садыр Жапаров түз эфирде элге кайрылуусунда келишимди "тарыхый бурулуш" деп атап, азыркы учурда түзүлгөн шарттар эң мыкты болушу мүмкүн болуп саналарын белгиледи. Ал Кыргызстандын чет элдик инвестицияга ачык экенин билдирди.
Келишимде Министрлер Кабинети,"Центерра" жана анын негизги акционери болуп саналган "Кыргызалтын" Ачык акционердик коомунун ортосундагы бардык талаш-тартыштарды так бөлүштүрүү жана чечүү каралган. Жетишилген келишим төмөнкү пункттарды камтыйт. Кыргызстан жана "Кыргызалтын" ишканасы "Кумтөр" кени үчүн толук жоопкерчиликти алат жана 2021-жылдын 15-майынан кийин кенден алынган кирешени өзүндө калтырат. "Центерра" жаратылыш ресурстарын сактоо жана коргоо үчүн 50 миллион доллар төлөйт. "Кыргызалтынга" 11,1 миллион доллар кошумча акчалай төлөм жүргүзөт.
Рекультивациялоо фондуна 53 миллион доллар кайтарылып берилет. "Кыргызалтын" менен "Центерра" акцияларын алмаштырса, "Кыргызалтын" "Центеррадагы" акцияларын кайтарып, "Кумтөр Голд Компанинин" 100% акциясын алат. Келишим ошондой эле, тараптардын өз ара талаптарын толугу менен жана биротоло алып салууну, жоопкерчиликти тааныбастан бардык юрисдикцияларда тараптардын катышуусундагы бардык соттук териштирүүнү токтотууну карайт.
Келишим Министрлер Кабинети жана Жогорку Кеңеш тарабынан алдын ала жактырылган. Министрлер Кабинети, "Центерра" жана "Кыргызалтын" ишканасы келишимге кол коюлгандан кийин 90 күндөн кечиктирбестен жабылат деп күтүүдө.