Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун көзү тирүү болгондо 89 жашка чыкмак.
Ал 1927-жылы 20-сентябрда Чүй районунун Алчалуу айылында туулган. Айылда колхозчу, тракторчу болуп иштеген. Кызматтык зоболосу өйдөлөп, Кыргызстан КП БКнын катчысы, Ош обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген.
Ишмер инсан Султан Ибраимов кезегинде СССР Жогорку Советтерине депутат, КПССтин XXIV съездине делегат болуп шайланган.
Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу Эмгек "Кызыл Туу" ордендери жана медалдар менен сыйланган.
1980-жылы каргашалуу окуянын айынан 53 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.
Кадыр Калилов