Жаңылыктар
"Кумтөр" кени толугу менен Кыргызстандын энчисинде
Кыргызстан жаңылыктары
 "Кумтөр" кени толугу менен Кыргызстандын энчисинде

"Кумтөр" кени толугу менен Кыргызстандын энчисинде. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров түз эфирде кайрылуу жасап, "Центерра" менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлганын белгиледи. 

Жетишилген макулдашууга ылайык, кенге тышкы башкаруу киргенден берки кирешелер өлкөдө калтырылат. Демек, 2021-жылдын 15-майынан бери түшкөн 323 миллион доллар толугу менен Кыргызстандын каражаты.