Жаңылыктар
Кыргыз эл акыны Омор Султановдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргыз эл акыны Омор Султановдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди

Кыргыз Республикасынын эл акыны, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султановдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Акын 3-апрель күнү 86 жаш курагында дүйнө салган. Ал адабиятка өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында келип, өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин калемин таштабай улуттук адабият үчүн эмгек кылды.

Залкар талантты акыркы сапарга узатуу зыйнаты Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдындагы аянтта уюштурулуп, ага поэзия күйөрмандары, акын, жазуучулар, маданият ишмерлери жана маркумдун жердештери, үй-бүлөсү катышты. Эл акынынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу Президенттин көңүл айтуу катын өлкөнүн Мамлекеттик катчысы жеткирди.