Жаңылыктар
БУУнун Ассамблеясына катыша турган делегацияны Абдылдаев жетектейт
Кыргызстан жаңылыктары
БУУнун Ассамблеясына катыша турган делегацияны Абдылдаев жетектейт

Президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап, дарылануу курсун Стамбул шаарында өтмөй болду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады. Өлкө башчы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-саммитине катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына учуп бара жаткан. 

Президенттик аппараттын билдиргендей, Бишкектен Нью-Йоркко бара жаткан делегация Стамбулдагы Ататүрк аэропортуна конгон. Президент Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип, догдурлар жүрөк оорусунун симптомдорун аныкташты. 

Буга байланыштуу президент Атамбаев медициналык текшерүүдөн өтүп, бир нече убакыт догдурлардын көзөмөлүндө болот. Мамлекет башчынын буйругу менен Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына бара жаткан делегациясын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеп бармай болду.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118