Жаңылыктар
Ички иштер министрлиги көчмө кабылдама үчүн кошумча дагы 9 унаалуу болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ички иштер министрлиги көчмө кабылдама үчүн кошумча дагы 9 унаалуу болду

Ички иштер министрлиги көчмө кабылдама үчүн кошумча дагы 9 унаалуу болду. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму "Газель" үлгүсүндөгү 5 жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого 2 "Ниссан-Патрол" унааларын тапшырды. 

Ошондой эле, министрлик өз эсебинен эки унаа алган. Унааларды тапшыруу аземине Ички иштер министрлигинин жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү катышты. Унаалар Бишкек шаарынын эки районуна, Сокулук, Нарын, Сузак Лейлек жана Алай райондук Ички иштер бөлүмдөрүнө берилди. 

"Коомдук коопсуздук демилгеси" долбоорунун алкагында Кыргызстанда милициянын көчмө кабылдамасы иштеп жатканына он жылдан ашты. Алар алыскы аймактарда жашаган жергиликтүү калкты кабыл алуу үчүн түзүлүп, кылмыштарды жана укук бузуулардын алдын алууда өз натыйжалуулугун көрсөтүүдө. 2011-жылдан баштап ЕККУ тарабынан 39 милициянын көчмө кабылдама унаасы берилген. Ички иштер министрлигинин ички резервинен 10 унаа бөлүнүп, өлкө боюнча 49 көчмө кабылдама иштөөдө.