Жаңылыктар
Ишкерлер өлкө экономикасына олуттуу салым кошууда
Экономика
Ишкерлер өлкө экономикасына олуттуу салым кошууда

Мамлекет менен бизнестин өз ара натыйжалуу аракеттенүүсү экономиканын реалдуу өсүүсүнө алып келет. 

Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди. 

Иш-чарада ишкерлер өлкө экономикасына олуттуу салым кошуп жатканы айтылып, айрымдарынын өзгөчө салымы үчүн сыйлыктар тапшырылды.Эске салсак, Кыргызстанда ишкерлер күнү мындан 16 жыл мурда жарыяланган.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга Кытай, Турция, Корея жана Пакистандан келген ишкерлердин саны өсүүдө. 

Муну менен катар ишкер айымдардын саны дагы соңку беш жылда 48 пайызга чейин көбөйгөн. Кыргызстанда чакан жана орто бизнес жүргүзгөн 12 миң ишкана бар, ал эми жеке ишкерлердин саны 450 миңге жетет.

Мээрим Абдраманова