Жаңылыктар
Казакстан Кыргызстан үчүн чек ара бекеттерин толук ачат
Чек ара
Казакстан Кыргызстан үчүн чек ара бекеттерин толук ачат

11-апрелден тарта Казакстан Кыргызстан үчүн чек ара бекеттерин ача турганын Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев билдирди. 

Анын айтымында, Казакстандын аймагына коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссия үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен тарта Казакстандын жарандарынын, жарандыгы жок адамдардын жана чет элдиктердин Россия, Өзбекстан жана Кыргызстан менен кургактагы өткөрүү пункттарындагы чек арасынан өтүүсүнө коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен чыккан. 

Ошондой эле, Казакстандын мамлекеттик чек арасынан аба аркылуу өтүүгө бардык чектөөлөр алынып салынды. ПЧР тесттин COVID-19 боюнча изилдөөнүн терс натыйжасы бар сертификатты же коронавируска каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөндүгүн тастыктаган документти милдеттүү түрдө көрсөтүү талабы казакстандыктар жана бул өлкөнүн аймагында жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар үчүн тиешелүү. Бул тартип эмдөө паспортторун өз ара таануу менен чет өлкөлүк жарандар үчүн сакталып калат.