Жаңылыктар
Ооганстандын президенти Ашраф Гани ДАЕШти жок кылууну убадалады
Дүйнө
Ооганстандын президенти Ашраф Гани ДАЕШти жок кылууну убадалады

Ооганстандын президенти Ашраф Гани ДАЕШти жок кылууну убадалады. Аталган террордук уюмдун аракеттерине ооган калкы чыдап тура албастыгын белгилейт. Ал эми өлкөсүнө буга чейин көйгөй жаратып келген талиптер менен сүйлөшүүлөрдү жандантуу зарылчылыгын айтты.

Дүйнөнүн ар тарабында карааны көрүнгөн ДАЕШтин ишмердүүлүгү Жакынкы Чыгыштан кийин эле Ооганстанда өзгөчө байкалууда. Бул расмий Кабулду гана эмес, анын каршылашы болгон талиптерди да тынчсыздандырат. Давостогу Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга катышкан президент Ашраф Гани Би-Би-Сиге интервью берип, ДАЕШке каршы олуттуу кадамдар жасалаарын белгиледи.

- “Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган бул уюм биздин өлкөдө жок  кылынат. Алардын жырткычтыгын эл түшүндү. Оогандыктарда өч алуу максаты турат.  ДАЕШ-бул “афган феномени” эмес”.

Ашраф Гани ошондой эле талиптер менен апрель айына чейин сүйлөшүүлөр жанданбаса, өлкөдө абал кескин курчуп кетээрин кошумчалады. Ооган лидери тарабынан эки радикал уюмга байланыштуу билдирүүлөр бекеринен жасалып жаткан жок. Бир катар өлкөлөр талиптерди ДАЕШке каршы пайдалануу максатында алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракетин көрүп келет. Буга шарт түзө турган жагдайлар жетиштүү. Эң ириде эки уюмдун идеологиялары бири-бирине шайкеш келбейт. ДАЕШтин талиптерди өзүнө тартуу аракети оңунан чыккан эмес. Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган уюм сунниттерден башка агымдардын өкүлдөрүн мусулмандар деп эсептебейт. Талдоочулардын баамында ага салыштырмалуу “талиптердин” багыты жумшагыраак. Эксперт Аман Салиев эки тараптын ээлей турган аймактарынын мейкиндигинде да айырмачылык бар экенине көңүл бурат.

-“Алардын  максаттары таптакыр эки башка. “Талибан” жана пуштундар өз өлкөсүн көзөмөлгө  алууну көздөп жатат. Ал эми ДАЕШтин багыты андан айырмаланып турат. Сирия же  Иракты гана багындыруу менен чектелбейт. Бул геосаясий долбоорго окшошуп турат.  Алардын глобалдык максаттары бар. Учурунда мындай карама-каршылык Аль-Каида  менен талиптердин ортосунда да болгон. Талибандын ДАЕШке кошулушу күмөн.  Болгону алар талиптердин ортосундагы ажырымдан пайдаланып, өзүнчө бөлүнгөн  топторду кошуп алуу аракетин гана көрүп жатат. Бул уюмдун террорчулары көбүнчө  мусулмандарды өлтүрүп жатканын Ооганстандагы катардагы мусулмандар билбей коюшу  мүмкүн эмес”.

Буга чейин Орусия ДАЕШке каршы талиптер менен кызматташаары кабарланып, бирок андай сүйлөшүүлөр орун албаганы эки тараптан тең айтылган. Кандай болгон күндө да эл аралык коомчулук “Талибан” менен эсептешүүнү эп көрө баштады. АКШ баштаган бир катар өлкөлөрдүн көмөгү менен сүйлөшүүлөр жанданганы жатат. Бирок, талиптердин койгон талаптары аз эмес. Алар өздөрүнүн лидерлеринин ээн-эркин жүрүшүнө кепилдик берүүнү, өз кеңселеринин расмий түрдө тоскоолдуксуз иш алып барышын, камакка алынган каражаттарын пайдаланууга жол ачууну жана абактагы тарапташтарын бошотууну талап кылышууда. Эксперт Карыбек Байбосунов Ооганстанда ондогон жылдарга созулган согушту токтотуу үчүн аларды аткарып, сүйлөшүүлөрдү соңуна чыгаруу зарыл экенин айтат.

Коалициялык күчтөр аскерлеринин көпчүлүк бөлүгүн Ооганстандан чыгара баштагандан кийин абал курчуп, талиптер бир катар аймактарды басып алган. Сүйлөшүүлөр былтыр “Талибан” лидери Молдо Омардын өлгөнү тастыкталгандан кийин үзгүлтүккө учураган болчу. Президент Ашраф Гани бул жолку аракеттер оңунан чыкпаса, анын кесепети жалпы чөлкөмгө тиерин эскертүүдө. Талиптердин ДАЕШке салыштырмалуу коркунучу аз, радикалдуу кадамдарын Ооганстандан башка өлкөлөрдө жүргүзбөйт делгени менен Борбор Азия мамлекеттери андан кооптоноорун жашырбайт. Тажикстан менен Түркмөнстан чек-араларын бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурат.

Калыгул Асамбаев