Жаңылыктар
Россияда парламенттик шайлоо өттү
Саясат
Россияда парламенттик  шайлоо өттү

18-сентябрда Россияда парламенттик  шайлоо өттү. Ага 63  мамлекеттен келген  байкоочулар  жана бир нече  эл аралык уюмдардан келген өкүлдөр көз салып турушту. Мамлекеттик думага шайлоонун жыйынтыгына шек келтире турган олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок дешет алар. 

Арыз түшкөн аймактарда  иликтөө иштери жүрүүдө. Алсак, Алтай крайында  добуш берүүчүлөрдү сатып алуу көрүнүшү катталды делген маалыматтар түшкөн, бирок ал тастыкталган жок.  Мындан тышкары Ростов-на-Дону аймагында  массалык түрдө бюллетеньдерди салуу катталды деп шайлоого катышкан партиялардын биринен арыз түшкөн, учурда  бул боюнча тактоо жумуштары жүргүзүлүүдө. 

Катталган фактылар аныкталса тараптар  мыйзам боюнча  4 жылга чейин абакка кесилет  деп билдиришет Россиянын  күч кызматтары. Алдын ала маалыматтарга караганда,  Мамдумага ат салышкан  14 партиянын  ичинен алдыда “ Единая Россия” партиясы  келатат. 

Гүлжан Каражанова