Жаңылыктар
Ипотекалык турак-жайдын шарттары жеңилдейт
Кыргызстан жаңылыктары
Ипотекалык турак-жайдын шарттары жеңилдейт

Жаңы шарттар боюнча жарандар, өздүк салымды төлөбөй эле кыймылсыз мүлкүн күрөөгө коюп турак жайга ээ болсо болот. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын шарттарына мындай өзгөртүүлөр ушул жылдын 29-августунан баштап киргизилди. 

Өзгөртүү жана толуктоолор боюнча жарандарга маалымат жекирүү максатында Ош шаарында атайын жыйын уюштурулду. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү катышты. 

Ош шаарынын аймагында турак жай алуу үчүн 127 жаран арыз берген, учурда алардын 51и үй менен камсыз болгон. “Арзан турак жай” программасы 2015-жылы өз ишмердүүлүгүн баштаган, программма 2020-жылга чейин уланат. Бул жылдар аралыгында 21 жаштан 65 жашка чейинки Кыргызстандын жарандары ипотекалык насыянын негизинде турак жай менен камсыз болууга мүмүкүнчүлүгү бар.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118